Жеңил атлетика боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөлөрү 24-26-июнь күндөрү Минск шаарында өтө турган Беларусь Республикасынын чемпионатына жана 27-30-июнь күндөрү Ташкент шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Жеңил атлетика боюнча улуттук курама бул мелдешке төмөнкү курамда катышат:
1. Мусулман Жоломанов;
2. Нурсултан Кеңешбеков;
3. Александр Исалаев, массажист;
4. Сатыбек Чокаев, улук машыктыруучу.
Белгилей кетсек, курама команда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлөт.