Бүгүн, 24-июнга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун акыркы тайпалык баскычтагы оюндары өтүүдө. Анда "Е" тайпасындагы 4 команда беттешти.
Тайпалык баскычтагы акыркы оюнда Испания курамасы Севилья шаарында Словакия менен кез келип, 5:0 эсебинде жеңип, экинчи орун менен турнирдин плей-офф баскычына чыкты.
Ушул эле тайпада Швеция менен Польша Санкт-Петербургда кез келип, оюн 3:2 эсебинде Швециянын жеңиши менен аяктады. Муну менен Швеция тайпада биринчи орун менен плей-оффко чыкты.
Саат 01:00дө өлүм тайпасы болгон "F" тайпасынын оюндары өтөт. Анда Португалия менен Франция кез келсе, Германия менен Венгрия ойнойт.