Футбол боюнча Украина курамасы тарыхында алгачкы ирет Европа чемпиондугунун плей-оффтук баскычына жолдомо алды.
Мындай көрсөткүч "Е" тайпасындагы акыркы беттештерден кийин болду. Анда "Е" тайпасында Швеция менен Испания биринчи жана экинчи орунду камсыздады. Словакия үчүнчү орунду ээлеп, Украина сыяктуу эле үч оюнда үч упай топтогон. Бирок голдордун саны боюнча Украина алдыда болуп, тарыхында алгачкы ирет плей-оффко чыкты.
1/8 финалда Украина курамасы Швеция менен же "F" тайпасынын жеңүүчүсү (Франция, Германия же Португалия) менен ойнойт.