Украинанын Маданият жана маалымат саясаты министрлиги орусиялык ырчы Филипп Киркоровду кара тизмеге киргизди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазышты.
"2021-жылы 11-июнда Маданият жана маалымат саясат министрлигине Украинанын Коопсуздук кызматынан Филипп Киркоровду улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген адамдардын тизмесине киргизүү жөнүндө кат келип түшкөн. Министрликтин тиешелүү буйругу менен Киркоров кара тизмеге киргизилген", - деп айтылат билдирүүдө.
Азыр Украинанын маданият министрлигинин кара тизмесинде 201 адам бар.