Кыргыз өлкөсүндө күйүүчү майга болгон баа эмне себептен өскөн? Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жообу

Бүгүн, 24-майда күйүүчү май базарындагы кырдаал тууралуу маалымат жыйын өттү. Анда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлү Сагын Маматоморов күйүүчү майга болгон баанын кескин көтөрүлүүсүнө түшүндүрмө берди.

"Жыл башынан бери биздин өлкөдө күйүүчү майга болгон баа бүгүнкү күндө өсүп жатат. Орточо баа 39-40 сом болсо, бүгүнкү күндө 49-50 сом болуп жатат. Буга бир канча себептер бар, алсак жыл башында Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан жана Казакстандан күйүүчү май пошлинасыз келишимдин негизинде алып келинип турган. Бул келишим 1-январга чейин болгон. Келишим бүткөндөн кийин Казакстандан Кыргыз өлкөсүнө күйүүчү майлоочу каражаттардын кирүүсү токтогон. Ал эми бүгүнкү күндө Орусиядан келишимдердин негизинде келип жатат. Баалардын өсүүсүнүн дагы бир себеби 2020-жылы бүткүл дүйнөлүк пандемия шартына байланыштуу, экономика бардык мамлекеттерде түшкөн, күйүүчү майлоочу каражаттарга болгон суроо-талап дагы түшкөн. Ошондо баалар басаңдап, 2011-жылкы баага чейин түшүп кеткен. Ал эми 2021-жылы бардыгы калыбына келе баштаганда суроо-талап кайра өсүп, баалар дагы кескин көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө биз баалардын мындан ары өсүүсүн алдын алып күйүүчү майга болгон орточо бааны кармап туруу менен күрөшүүдөбүз", - деди Маматоморов.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин Отун саясаты бөлүмүнүн башчысы Талант Маматеминов күйүүчү майга болгон бааны жөнгө салуунун негизги жолу бул Казакстан менен келишим түзүү.

"Күйүүчү май рыногундагы кырдаалды жөнгө салууга жана жакшыртууга багытталган долбоорлордун бири - Казакстандан күйүүчү майды пошлинасыз жеткирүү боюнча өкмөттөр аралык келишим. Азыр биз Орусия менен макулдашуу баскычында турабыз. Жакын арада аны иштеп чыгып, кол коюу пландаштырылууда",- деди Маматеминов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан