Баткен облусунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-июнга караган түнү Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында аянты 96 чарчы метр турак үй толугу менен күйүп кеткен.
Өрттү өчүрүүгө ӨКБдан 2 бөлүм тартылып, саат 01:03тө чектөөгө алынган. Ал эми саат 02:06да толук өчүрүлдү. Өрттүн себеби такталууда.