28-29-июнь күндөрү президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстанга барат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.
Сапар учурунда кандай маселелер талкууланары маалымдалган жок.
Бул Садыр Жапаровдун президент катары Тажикстанга жасаган биринчи иш сапары болмокчу.
Эске салсак, 30-апрелде Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды талкуулашкан. Сүйлөшүүдө мамлекет башчылар май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышкан.