Кечээ, 23-июнда Ысык-Көлдө жол кырсыгынан УКМКнын чек ара кызматынын аскери каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кызмат учурунда коюлган тапшырманы аткаруу үчүн 3 аскер кызматкери оор жүк ташуучу унаа менен жүк алып бара жатышкан. Жол кырсыгы Ысык-Көл облусунун Сөөк ашуусунда болгон.
"Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, айдоочу унааны башкара албай, унаа бир капталга оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын натыйжасында унааны айдап бара жаткан аскер ооруканага жетпей жолдо каза болгон. Ал эми эки аскер кызматкери ар кандай жаракат менен жергиликтүү ооруканага жеткирилди", - деп билдиршти мекемеден.
Учурда жол кырсыгы боюнча тиешелүү органдарга кабар берилип, тергөө иштери башталды. Кырсык орун алган жерде тергөө тобу иш алып барып, себептерин жана жагдайларын тактап жатканын кошумчалашты.