
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү жасады.
Маалыматка ылайык, 25-26-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайы орун алат. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.