Чүй облусунун Панфилов районунда аялын тирүүлөй көмүп салган жаранга карата сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Панфилов райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сот аны 280 саатка коомдук жумушка тартуу өкүмүн чыгарган.
"Бул маселе сотто каралып жатканда айыпталуучунун аялы "бул ишти өндүрүштөн кыскартып бергиле" деп өзү коюп жаткан айыптарынан баш тартып, тосмо арыз жазып берген. Ал "балдарыбыз бар, мындан ары чогуу жашайбыз" деп кечиргенин билдирген. Соттук процесстер уланып отуруп аны коомдук жумушка тартуу чечими кабыл алынды", - дешти аталган соттон.
Окуянын чоо-жайы:
Ушул жылдын 22-апрель күнү Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кумарык айылынын тургуну аялын сабап, тирүүлөй аңга көмүп салган.
SUPER.KG порталы окуя болгон жерге барганда, келиндин жакындары окуянын чоо-жайын баяндап беришкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, 35 жаштагы күйөөсү мас абалында үйүнө келип, 33 жаштагы аялын кызганычтан улам сабап, андан кийин үйдүн артына алып барып аңга түртүп, белине чейин көмүп салган. Бул окуяны көргөн кошуналары жардам берип, келинди бошотушкан.
Сурак учурунда күйөөсү кылган ишин моюнга алып, кызганычтын айынан аялын ушундай жол менен коркуткусу келгенин айткан. Көп өтпөй келиндин күйөөсү үй камагына чыгарылган.