Калкынын картайып бараткандыгына байланыштуу дүйнөнүн эң бактылуу адамдары жашайт деп эсептелген Финляндияда жумушчуларга болгон муктаждык абдан жогорулады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн расмий адамдары Финляндияда жумушчу күчкө болгон муктаждык жогорулаганын билдирген. Хельсинки администрациясы жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, саламаттыкты сактоо кызматкерлерине, металл иштетүүчүлөргө, деңиз адистерине муктаждык жогорку деңгээлде.
Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча, Финляндия калкы картайып бараткан Япониядан кийинки экинчи өлкө. 2030-жылга чейин Финляндияда улгайган адамдардын саны 39,2 пайыздан 47,5 пайызга чейин өсөрү күтүлүүдө.