Африкада миллиарддаган долларга бааланган биткоинге ээлик кылган эки бир тууган жоголуп кетти

Түштүк Африка Республикасында африкалык Africrypt криптовалюталык инвестиция компаниясынын негиздөөчүсү болгон эки бир тууган жоголуп кетишкен. Алар менен биргеликте кардарларга таандык 3 миллиард 600 миң долларлык 69 миң биткоин жоголгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, бир туугандардын жоголуп кетишинин алдында шектүү окуя болгон. Апрель айында бир туугандардын улуусу жана компаниянын башчысы Амир Кажи компания хакердик чабуулга кабылганын жарыялаган, бирок инвесторлордон укук коргоо органдары же жактоочулар менен байланышпоосун суранган, анткени бул нерсе каражаттардын компанияга кайтып келишине кошумча кыйынчылыктарды жаратарын айткан.

Акыр-аягы кээ бир инвесторлор жардам сурап юридикалык компанияга кайрылышкан, алар Africarypt кызматкерлери хакерлик жарыяланганга чейин бир апта мурун программалык камсыздоону колдоно албай калгандыктарын аныктай алган.

Бир туугандардын азыр кайда экени аныктала элек. Биткоиндердин Africarypt эсептеринен алып чыгуу операцияларын изилдөө мүмкүн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Бектурган
2021-06-24 22:25:14
Балыкчыда пирамиданы уруп кеткендерге окшоп, буларда уруп кеттида...
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан