Кечээ, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын арасында чыр чыккан. Анда депутат Шайлообек Атазовго депутат Айсулуу Мамашова "спортчу болсоң өзүңө спортчусуң да" деп кайрылган. Бул учур социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты.
Бүгүн, 24-июнда бул боюнча Шайлообек Атазов социалдык тармактагы баракчасына өз пикирин жазды.
"Мен энелерди, эже-карындаштарды ар дайым сыйлайм. Кечээ күнү Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынын лидерин алмаштыруудагы пикир келишпестиктен парламентте кайым айтышуу болгон.
Мен Айсулуу Турусбековна менен эч кандай урушкан жокмун. Айсулуу Мамашованы "Ата Мекен" партиясынын эң билимдүү депутаты, тарбиялуу үй-бүлөдөн, чыгаан саясатчы, жакшы атанын кызы деп урматтап сыйлайм.
Биздин ортобузда эч кандай талаш жок. Азыр да чоң сый-урматтамын. Кечээ күнү парламентте биз урушуп жаткандай видео болуп калыптыр. Бул жерде Айсулуу Турусбековнанын артына бекинген депутаттар менен пикир келишпестик болуп кеткен. Ошол учурда бөлүштүрүү максатында мага келип, колун булгап сүйлөп жаткан учуру видеого түшүптүр. Биз партиялаштар бир нече мүнөттөн кийин баарыбыз чогулуп, стол үстүндө чечишип, кечиришип алганбыз. Иш болгон жерде талаш-тартыш да болот экен", - деп билдирген Атазов.