Биз социалдык тармакта

Бишкекте Патрулдук милиция кызматкери айдоочу менен мушташып кете жаздады (видео)

Бишкекте Патрулдук милициянын кызматкери айдоочу менен жакалашып, аз жерден мушташып кете жаздады. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Видеодо көрүнгөндөй Патрулдук милиция кызматкери айдоочунун документтерин сураганда айдоочу документин көрсөтүүдөн баш тартып, экөө жакалаша кетишкен.

Бул боюнча Милициянын кайгуул кызматына байланышканыбызда маалыматты тактады.

"Бул видео 18-июнда тартылган. Анда болжол менен таңкы саат 05:20 чамасында милициянын кайгуул кызматкерлери Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишине атайын чакыруу менен барышкан. Чакырууну тейлеп чыккандан кийин жолдун жээгиндеги туура эмес токтогон автоунааларга карата тийиштүү протоколдорду толтуруп жаткан учурда айдоочунун жанында турган башка улуттагы жарандар келип, кызматкерлердин жумушуна тоскоолдук жаратып, атайын чагымчыл сөздөрдү сүйлөгөн. Ошондон кийин видеодогу конфликт орун алган. Кийин кызматкерлер жаранга карата түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгөндөн кийин кайра кайгуул кызматкерлеринен кечирим сураган", - деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматы.

Ошол учурда жол эрежелерин бузган 3 унаага карата протоколдор толтурулган.

Патрулдук милиция менен айдоочу жакалаша кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aslonur
2021-06-24 19:24:55
Кайдагы нерсени жазыпсынар, суудан тунукко бул кайгуулдар өз сөздөрүндө, түртүнүп жатканын карасаң корсунуп
+2
Datka7777
2021-06-24 19:40:30
Водитель 100% прав! Суйлогон созун кара кочодогу гопник. Эн жонокой эрежелерди билбейт
-1
Ernisbii
2021-06-24 19:48:25
Datka7777,дайыма водитель прав дей берип канча киши жол кырсыктан каза болуп жатат законго баш ийип документин бериш керек болбосо бизге милициянын эмне кереги бар.
+3
Datka7777
2021-06-24 19:59:27
Ernisbii, документ суроонун да атайы эрежеси бар, авариялар айдоочулар эмес биринчи ушундай талапка жооп бербеген кадрлар куноолуу
0
Altyn10076
2021-06-24 22:23:35
Datka7777,Кайдан билесиң эреже бойунча кайрылгандыр. Башка улуттар да биздин жерде кыйын болуп чыга келишти.
+3
Dembele84
2021-06-24 22:33:06
Сакалчан камерага озун корсоткон итти ордуна коюш керек экен,слишком борзый суйлоп атырылып алыптыр камерага
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан