"Евро-2020": "Чыныгы эркектер". Венгрия курамасынын футболчулары мактоого алынууда

Бүгүн, 24-июнга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун тайпалык баскычтагы акыркы оюндары болуп өтүп, 1/8 финалга чыккан бардык командалар аныкталды.

"Евро-2020" турниринде өлүм тайпасында, тагыраагы "F" тайпасында жайгашкан Венгрия курамасынын футболчулары Европанын дөө-шаалары менен бир тайпага түшүп калганына карабастан татыктуу оюн көрсөтүп, аягына чейин ойногону интернет колдонуучулары тарабынан бааланды.

Интернет колдонуучулары "Алар ар бир оюнду чын жүрөктөрү менен ойношту. Европа чемпиондугундагы эң мыкты команда, Респект!", "Алардын ар бир оюнун көрүү жагымдуу болду. Башка сөз жок", "Чыныгы эркектер", "Алар кийинки баскычка өтүүгө татыктуу болчу, өкүнүчтүү" деген пикирлерин жазышууда.

Венгрия курамасы Франция, Германия жана Португалия менен бир тайпада жайгашкан. Алгач алар Португалияга 3:0гө утулуп, Франция менен 1:1 жана Германия менен 2:2 эсебинде тең чыккан. Бирок бул көрсөткүч менен алар тайпада төртүнчү орунга жайгашып, турнирден четтеп калышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Real98
2021-06-24 23:05:59
Эркекче ойноп коюшту акыркы оюндарда.Жанылбасам биринчи ирет евро оюндарында ойноп атса керек. Ийгилик алдыда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан