Быйыл жайында Япониянын борбору Токио шаарында өтө турган "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмакта 4 балбан фаворит болуп эсептелет. Мындай маалыматты Дүйнөлүк күрөш уюму жарыялады.
Маалыматка ылайык, 60 килограмм салмакта фаворит болуп биринчи номур менен япониялык Кэнъитиро Фумита эсептелет. Экинчи номурда фаворит катары орусиялык Сергей Емелин турса, үчүнчү түркиялык Керем Камал, ал эми төртүнчү номур менен Исломжон Бахрамов жайгашкан.
Грек-рим күрөштөн 60 килограмм салмакта "Токио-2020" Олимпиадасына Кыргыз өлкөсүнүн атынан Жоламан Шаршенбеков катышат. Ал жолдомону быйыл Алматы шаарында өткөн лицензиялык турнирде жеңип алган.
Олимпиадага катыша турган балбандардын номурлары бир нече рейтингдик турнирлердеги көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн дүйнөлүк рейтингге ылайык тандалат.