Бүгүн, 24-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 928 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 24-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 928 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 508 метр куб, агып чыгышы 433 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 23-июнда суу сактагычта 10 миллиард 921 миллион метр куб суу бар болчу.