УЕФА уюму өзүнүн расмий сайтында Европанын мелдештеринде коноктордун гол эрежесин алып салгандыгын жарыялады.
Маалыматка ылайык, эми эки оюндун жыйынтыгы боюнча, эсеп тең болуп калса, оюн кошумча убакыт менен уланат. Мурдагыдай үйдө же конокто киргизген голдордун саны эсепке алынбайт. Бул эреже алдыдагы 2021/2022 сезондон баштап Чемпиондор Лигасында, Европа Лигасында, алардын тандоо турларында, ошондой эле уюмдун карамагында өткөн аялдар жана жаштар турнирлеринде колдонула баштайт.
Үйдө жана конокто киргизген голдордун санын эсептөөнү УЕФА уюму 1965-1966-жылдагы сезондо ишке ашырган.