Биз социалдык тармакта

Өлкөдөгү авариялык абалдагы 30 мектеп Дүйнөлүк банктан алынган каражатка оңдолуп-түзөлөт

Дүйнөлүк банктан алынып жаткан гранттык жана насыялык каражаттардын эсебинен быйыл республиканын ар кайсы аймактарындагы 30 авариялык мектепте курулуш жана оңдоо иштери башталат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашат.
Маалым болгондой, министр Болотбек Купешев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаеваны жана "Кыргыз өлкөсүндөгү жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорунун координатору Эрмек Биялиевди кабыл алды.
"Жолугушууда республикадагы авариялык мектептердин курулушу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу кабарланды. Дүйнөлүк банктан алынып жаткан гранттык жана насыялык каражаттардын эсебинен өлкөдөгү 30 авариялык мектепте курулуш жана оңдоо иштери башталат.
Министр сунушталган мектептердин тизмесин кайра карап чыгып, каражаттарды биринчи кезекте өтө муктаж болгон билим берүү уюмдарына калыс бөлүштүрүү керектигин баса белгиледи", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан