Ош облусундагы Кара-Кулжа дарыясына чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
"23-июнь күнү Кара-Кулжа айылында Кара-Кулжа дарыясына 1991-жылы туулган О. уулу Б. аттуу жаран чөгүп кеткен. 24-июнь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 14 куткаруучу тартылып, саат 09:10до маркумдун жансыз денесин табышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп жазылат маалыматта.