Жергиликтүүлөр ортосундагы суу талаш: Чүйдө коңшу айылдын тургунун сабоого шектүү жаран кармалды

Чүй облусунда бейбаштыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-июнда милиция бөлүмүнө Искра айылында жергиликтүү тургундар арасында жаңжал чыкты деген маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 166-беренеси "бейбаштык" менен катталып, тергөө иштери башталган.

"Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барганда, төмөнкү жагдайлар белгилүү болгон. Сайлык айылынын 50 жаштагы тургуну коомдук тартипти бузуп, Искра жана Сайлык айылдарында бөлүштүрүлгөн сугат суусуна нааразы болгон. Эки айылдын тургундары пикир келишпестиктен улам мушташа кеткен. Анын кесепетинен Искра айылынын 34 жаштагы тургуну денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага кайрылган. Бул факты боюнча бардык экспертизалар дайындалды.

Кечээ, 24-июнь күнү иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишин жасоого шектелип 50 жаштагы А.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди", - деп билдиришти облустук милициядан.

Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан