Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинде Лейлек килемдеринин сатуу-көргөзмөсү өтүп жатат. Эске салсак, ачылыш аземи 25-октябрда болуп өтүп, ага КРнын Вице-премьер-министри Камила Талиева катышкан. Анда Баткен облусунун Лейлек районунда жасалган килемдердин ар кандай түрлөрү тартууланууда. Ошондой эле көргөзмө учурунда килем согуу өнөрчүлүгү боюнча лейлектик Каныгүл Анварова мастер-класс өткөрүп жатат. Көргөзмөнүн уюштуруучулары - КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Мамлекеттик тарых музейи жана Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы.
Иш-чара 5-ноябрга чейин уланат.