Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен жаранды издөө иштери улантылууда

Ысык-Көлдө Кажы-Сай айылынын тургуну изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"24-июнда саат 18:00 чамасында нөөмөт бөлүмгө билдирүү түшкөн. Анда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылынын тургуну 1987-жылы туулган Г.К. Кош-Кара көлүнө чөгүп кеткени кабарланган. Жерине Тоң районунун №38 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 6 куткаруучу тартылып, издөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан