Биздин телефондон чыккан нурлануу канчалык деңгээлде зыяндуу? Телефонду такай колдонуу рак илдетине алып келеби? Кантип өзүңдү сактоого болот? Бул суроолорго окумуштуулар узак убакыт бою изилдөө жүргүзүшүп, жыйынтык чыгарганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Андагы маалыматка караганда, изилдөө он жылга созулуп, ага 25 миллион доллар сарпталган. Эң масштабдуу делинген изилдөөнү 150дөй окумуштуу жүргүзүп, уюлдук телефондордун радиациясы канчалык зыяндуу экендигин ар тараптан текшеришкен. Жыйынтыгында, радиациянын адамзатка зыяны жок дешкен.
Изилдөө 2008-2018-жылдар аралыгында жүргүзүлүп, ага 3 миңден ашуун чычкан жана келемиштерди колдонушкан.