Биз социалдык тармакта

Жогорку окуу жайдагы келишим баалары кымбаттадыбы? Министрликтен жооп

Бүгүн, 25-июнда жогорку окуу жайларга жана орто кесиптик окуу жайларга окууга тапшыруу тууралуу маалымат жыйын өтүүдө. Жыйынга билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров катышууда.

Анын айтымында, абитуриенттердин окууга тапшыруусу үчүн билим берүү мекемелерине баруунун кажети жок.

"Окууга тапшыруу онлайн өткөндөй эле, документтерди тапшыруу да интернет аркылуу болот. Анда https/2020.edu.gov.kg/spuz/. системасы аркылуу жибере алышат", - деди ал.

Окууга тапшырууда төмөнкү документтерди тиркеп жиберүү керек:

1) Паспорт же башка өздүгүн тастыктоочу документ;

2) Аттестат (11-класс), күбөлүк (9-класс);

3) Льготалык жеңилдиктер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген болсо, жана ата-энеси жокторго каралган.

Бүтүрүүчүлөр 110дон жогору балл алса, бюджеттик орундарга тапшыра алышат. Ал эми 105 баллдан өйдө болсо келишимдик негизде тапшыра алышат. Жыйында журналисттер тарабынан "Быйыл окуу жайлардын келишимдик баасы кымбаттадыбы?" деген суроо берилди. "Ар бир окуу жай менен студенттер ортосунда келишим түзүлөт. Ошол жакта кандай жазылса, бүтүрүүчү макулдугун берет", - деп жооп берди орун басар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baktiyar731
2021-06-25 12:39:13
Коррупцияга жол ачылыптыр, баллды аз алып акча бергендер өтүп кетет бюджеттик орундарга!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан