Биз социалдык тармакта

Министрлик жогорку окуу жайларга тапшыруунун жол-жобосун түшүндүрдү

Бүгүн, 25-июнда жогорку окуу жайларга жана орто кесиптик окуу жайларга окууга тапшыруу тууралуу маалымат жыйын өтүүдө. Жыйынга билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Оморов катышууда.

Ал белгилегендей, быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 44 миң 416 абитуриент катышты.

"Бүтүрүүчүлөрдүн орточо баллы 120,5 түздү. 110 баллдан жогору баллды 25 миң 284 абитуриент алды, ал эми 105 баллдан жогору 28 миң 143 бүтүрүүчү алды".

Бүтүрүүчүлөр окууга тапшыруу үчүн "Абитуриент онлайн" аталышындагы маалыматтык системага кирүүсү керек.

"Аталган тиркемеде окууга онлайн тапшырууда көмөк көрсөтүүчү нускамалар жайгашкан. Видео нускамалар дагы тиркелип, бардык маалыматтар жайгашкан. Бул тиркемеге бардык окуу жайлар катталган. Учурда тиркемеге бүтүрүүчүлөрдүн 94 пайызы катталды", - деди ал.

Эгерде бүтүрүүчүлөрдө техникалык жаатта көйгөй же түшүнбөстүк болсо, 1818 кыска номерине чалып кеңеш алса болорун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayge7756
2021-06-25 15:22:25
Өзү 44 миң абитуриент ЖРТ тапшырган болсо, кантип 25 миң бүтүрүүчү 110 баллдан, 28 миң бүтүрүүчү 105 баллдан өткөн болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан