Ысык-Көлдө унаа тебелеп кеткен жаран эмне себептен жолго жатып калганы такталууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Азыркы учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. Жакын арада экспертизанын жыйынтыгы чыгат, ошондон кийин гана каза болгон жаран кырсык болгонго чейин кандай абалда болгонун айта алабыз. Ал эми тебелеп кеткен унаанын айдоочусу ошол жерден кырсыктын алдын алып, тебелебей өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүгү болгонбу бардыгы териштирүү жана экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот", - дешти маалымат кызматынан.
Буга чейин Ысык-Көлдө жолго жатып алган жаранды унаа тебелеп кеткендиги тууралуу кабарланган.