Чүйдө балдар үйүнүн тарбиялануучулары 5 күндөн кийин аман-эсен табылды. Алар Бишкек шаарында жүргөн жеринен табылганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, балдар үйүнүн директору 20-июнда укук коргоочуларга кайрылган. Анда интернаттын жашы жете элек 3 тарбиялануучусу 20-июнга караган түнү саат 02:00дө качып кеткени айтылган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө, балдар 25-июнга караган түнү Бишкек шаарынан табылып, интернаттын өкүлдөрүнө өткөрүп берилди.