Биз социалдык тармакта

Бишкекте 99 бүтүрүүчүгө "Алтын тамга" тапшырылды

Бүгүн, 25-июнда Бишкектеги мектептердин 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө "Алтын тамга" артыкчылык аттестатын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болду. Быйылкы окуу жылында 99 бүтүрүүчү "алтын медалдын" ээси болушту.
Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов "Алтын тамганын" ээлерин куттуктап, аттестат менен кошо акылдуу саат тапшырды. Ал эми бүтүрүүчүлөр мэрдин милдетин аткаруучуга өз колдору менен жасаган борбордун символу катары кийизден жасалган илбирстин сүрөтүн беришти.
Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан