Кытайдын Шанхай шаарында дүйнөдөгү эң бийик мейманкана ачылды. Ал шаардын бизнес-районундагы асман тиреген мунаралардын биринде жайгашкан. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул асман тиреген мейманкананын 120-кабатында жогорку класстагы ресторан, бар, спа-салон, 84-кабатында бассейн, эс алуучу жана көңүл ачуучу жайлары да жайгашкан. Мейманканада жалпысынан 165 бөлмө бар. Брондолгон бөлмөлөргө секундасына 18 метр ылдамдыкта жүргөн ультра заманбап лифт менен көтөрүлүүгө болот. Ошондой эле люкс-класстагы номерде күнү-түнү жеке жардамчынын кызматын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Белгилүү болгондой, бул мейманкана кытайлык ири "Jin Jiang International Hotels" холдингине таандык.