Нидерланды TikTok компаниясына бир жарым миллиард евро суммасында доо койду

Голландиялык "Consumentenbond" керектөөчүлөр ассоциациясы жана "Take Back Your Privacy" фонду TikTok видео платформасынан жашы жете элек колдонуучулардан алынган маалыматтарды мыйзамсыз чогултканы жана сатканы үчүн 1 миллиард 500 миң евро төлөп берүүсүн талап кылышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"TikTok'тун иштөө методу - бул таза эксплуатация. Компания балдарды пайдаланып, жылына жүздөгөн миллион киреше табат", - деген "Consumentenbond" компаниясынын башчысы Сандра Моленаар.

Ассоциация жашы жете элек колдонуучулар жөнүндө алынган маалыматтар компанияга жаш аудиторияга багытталган жарнамаларды сатууга мүмкүнчүлүк берди деп ырастайт. Мындан тышкары бул маалымат купуялуулукка жана коопсуз сактоого эч кандай кепилдиксиз чет өлкөгө жөнөтүлгөн.

Белгиленгендей, уюмдар TikTok'тон Нидерландыдагы жашы жете электер жөнүндө маалыматтарды өчүрүп, алардын ар бирине 1000 евродон төлөп бериши керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан