"Козголгон кылмыш ишин оң тарапка чечип берем деген". Жалал-Абадда милиция кызматкери кармалды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, кечээ, 24-июнда опузалап пара алуу фактысы боюнча Кара-Көл ШИИБинин Ы.Н. аттуу улук тергөөчүсү кармалган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берененин 1-бөлүгү "опузалап пара алуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Кармалган кызматкер шектүү жаранга карата козголгон кылмыш ишин оң тарапка чечип берем деп 40 миң сом өлчөмүндө пара талап кылгандыгы аныкталган. Ал убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралар жүрүп жатат", - деп билдиришти УКМКнын маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zumrudianka
2021-06-25 18:13:01
Арам акчаны кууп жебей ооол эркек башын менен. Сен да арам акча жейм жеп бок курсак болоюн деп атасынбы улук тергоочу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан