Уинстон Черчилдин калемине таандык сүрөт аукциондо 1 миллион 800 миң долларга сатылды

Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Уинстон Черчилдин (1874-1965) калемине таандык сүрөт Нью-Йоркто өткөн аукциондо 1 миллион 800 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Аукциондун уюштуруучуларынын айтымында, аталган сүрөт 1921-жылы жай айында тартылган. Анда Англиядагы анча чоң эмес шаарлардын бириндеги табигат чагылдырылган. Анын алгачкы баасы 1 миллион 500 миң доллардан 2 миллион долларга чейин деп бааланган.

Буга чейин Лондондо өткөн аукциондо Черчилдин дагы бир сүрөтү 11 миллион 600 миң долларга сатылган. Аны америкалык актриса Анжелина Жоли сатыкка койгон.

Белгилүү болгондой, Уинстон Черчиль живопись менен 40 жашында алектенип баштаган. Өмүрүнүн аягына чейин 540 эмгек жаратууга үлгүргөн.

Эскерте кетсек, буга чейин анын чегилип бүтпөй калган тамекиси аукциондо сатылганы жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_I
2021-06-25 17:11:00
Бизде саясатта, иште туугагчылык тааныш билиш болбогондо мамлекетибиз өнүгүп кетет эле. Кумтөр эле канча байытып салмак баарыбызды. Жакшы жашоого татыктуу эмес эл экенбиз да. Ууруларды камаса "эл уулу" деп ардактуу сөздөрүбүздүн баркын кетирип.
+1
tsunse
2021-06-25 23:17:45
Мен дагы кутту ушундай сурот тартып берем канча долларга алат экен а ?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан