Аз убакыттын ичинде идеалдуу дене түзүлүшкө кантип ээ болсо болот? Адистен кеңеш

Жай мезгили келери менен тулку-боюбузду деңиз жээгине даярдоого камылга көрөбүз. Сырткы көрүнүшүмө жүз пайыз канааттанам деп айткандар аз. Ошондуктан денени көл жээгине даярдыкка келтирүү боюнча практикалык кеңештер менен фитнес машыктыруучу Асель Байсалова бөлүштү.

- Идеалдуу дене түзүлүшкө ээ болуу үчүн биринчиден, арыктоо үчүн диета кармоо керек. Жок дегенде ундан жасалган тамактардан, таттуулардан жана газдалган суусундуктардан баш тартуу зарыл.

Арыктоо үчүн кардио-машыгуу ылайыктуу. Кардио-машыгуу күчтү машыктыруу менен айкалыштырылышы керек. Ошондо сиздин денеңиз тонустуу жана ийкемдүү болот. Эгер сиз башталгыч тепкичте болсоңуз, анда жумасына 3 жолу машыгуу жетиштүү болот. Бирок идеалында жумасына 4 жолу машыксаңыз жакшы болот.

Көп адамдар машыгууга келип, бат эле 10-20 килограмга арыктайм деп үмүттөнүшөт. Жок, бул туура эмес. Бир айда диета кармап, машыгып 5-7 килограммга арыктасаңыз дагы, 2 килограммга арыктасаңыз дагы, бул ансыз деле эң сонун жыйынтык. Менин кардарларым айына 5 килограммга арыкташат, бул жумасына 3 жолу машыгуунун жана диета кармоонун жыйынтыгы. 4 ай ичинде 13-15 килограммга арыктаса болот.

- Сымбаттуу дененин курулушу бир нече айга, ал тургай бир нече жылга созулат. Эң башкысы, күнүмдүк машыгуу менен өзүңүздү өтө кыйнабаңыз, кечки саат алтыдан кийин тамак жей бериңиз, ачка калбаңыз. Диетаңызга гана карманышыңыз керек. Кандай гана болбосун өзүңүздү сүйө башташыңыз керек, ошондо бардык максаттарыңызга жана натыйжаларга жетесиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан