Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Өзбекстан күтүлбөгөн жерден аскерлеринин даярдыгын текшерүүгө алды

Коңшу Өзбекстандын бийлиги Ооганстанда кырдаалдын курчушуна байланыштуу аскерлердин күжүрмөн даярдыгын күтүүсүздөн текшере баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Коргоо министрлигине таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

"Коргоо министри Баходыр Курбановдун жетекчилиги астында планга ылайык, күтүүсүз текшерүүлөр Ташкент жана Түштүк-Батыш атайын аскер округдарында, ошондой эле абадан коргонуу күчтөрүнүн жана Өзбекстандын аба күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө жүргүзүлүүдө", - деп билдирген Өзбекстандын Коргоо министрлиги.

Коргоо министрлиги күтүүсүз келген сырткы душмандын болжолдуу ордун аныктап, ал жайгашкан аймактарга сокку урууга болорун, бул мүмкүн болгон активдүү аракеттердин алдын алууга жардам берерин билдирген.

Кечээ, 24-июнда Өзбекстандын аймагына Ооган аскерлери куралчан өтүп кеткенден кийин Өзбекстан Ооганстанга катуу эскертүү бергени кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kich20
2021-06-25 19:14:33
Мына Озбекстан деп кандай кучтуу военный жактан
+6
ainura220888
2021-06-27 12:02:17
Бир батальонуна биздин алайдын 6жигити бешилик менен тен келетда зато:)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан