Gracenote порталы футбол боюнча Европа чемпиондугунун фаворитин, ошондой эле күйөрмандарга эң кызыктуу финал тартуулай ала турган командаларды изилдеп чыкты.
Порталдын маалыматында, футбол адистери "Евро-2020" турнирин жеңип алууга төмөнкү командалардын мүмкүнчүлүктөрү бар:
Англия — 16,5 пайыз;
Бельгия — 15 пайыз;
Франция — 11,8 пайыз;
Италия — 10,1 пайыз;
Испания — 7,6 пайыз;
Нидерланды — 7,6 пайыз.
Ошондой эле изилдөө жүргүзгөн порталдын билдиришинче күйөрмандар төмөндөгүдөй жуптарды финалда көргүсү келерин билдиришкен:
Бельгия - Англия - 7 пайыз;
Франция - Англия - 5,9 пайыз;
Италия - Англия - 5,2 пайыз;
Испания - Англия - 4,3 пайыз;
Бельгия - Нидерланды - 4,2 пайыз.
Футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1,8 финалына чыккан бардык командалардын тизмеси белгилүү болгон.