MакSим чыгармачыл каймана аты менен белгилүү ырчы Марина Абросимованын абалы начарлады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
"Ырчынын өпкөсүнүн 75 пайызы жабыркап, пневмониянын эң оор тобуна которулду. Учурда ал дем алдыруу аппаратына кошулуп, жасалма комада", - деп айтылат маалыматта.
19-июнда ырчы дем алдыруучу аппаратка туташтырылып, жасалма комага түшкөнү белгилүү болгон. Ошол эле учурда анын коронавируска каршы анализдери терс болуп чыккан.
Буга чейин МакSимдин өпкөсү 40 пайызга жабыркап, ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.