Бүгүн, 25-июнда Түркиянын Стамбул шаарында "Yasar Dogu" аттуу эл аралык турнир старт алды.
Анда 57 килограмм салмакта Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча эки балбан, тагыраагы Бекболот Мырзаназар уулу менен Алмаз Сманбеков катышкан. Эки кыргыз балбаны мелдештин жарым финалына чейин жетип, жарым финалда бири-бирине туш келип калышты.
Бул эки балбан быйылкы өлкө чемпиондугунда финалда кез келип, 5:1 эсебинде Бекболот Мырзаназар уулу жеңүүчү аталган.
Мындан тышкары, турнирдин жарым финалына 65 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев менен Алибек Осмонов чыкты.