Бүгүн, 25-июнда Стамбул шаарында старт алган "Yasar Dogu" аттуу эл аралык турнирде кыргыз балбаны Алмаз Сманбеков 57 килограмм салмакта финалга чыкты.
Ал жарым финалда дагы бир кыргыз балбаны Бекболот Мырзаназар уулу менен кез келген. Бирок Бекболот Мырзаназар уулу Сманбековго жеңилип берди.
Бул эки балбан быйылкы өлкө чемпиондугунда финалда кез келип, 5:1 эсебинде Бекболот Мырзаназар уулу жеңүүчү аталган.