Стамбул: Эми эки кыргыз балбаны бири-бири менен финалда күрөшөт

Бүгүн, 25-июнда Түркиянын Стамбул шаарында "Yasar Dogu" аттуу эл аралык турнир старт алды.

Мелдешке 65 килограмм салмакта эркин күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн атынан эки кыргыз балбаны, тагыраагы Эрназар Акматалиев менен Алибек Осмонов катышкан. Эки балбан тең мыкты болуп, турнирдин финалына чыгышты. Эми кыргыз балбандары бири-бири менен финалда күрөшөт.

Бул эки балбан дагы быйылкы өлкө чемпиондугунда кез келип, 8:8 эсебинде Алибек Осмонов жеңүүчү аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rususu
2021-06-25 21:53:17
Жакшы жанылык экен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан