Бүгүн, 25-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 943 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 25-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 943 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 560 метр куб, агып чыгышы 385 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 24-июнда суу сактагычта 10 миллиард 928 миллион метр куб суу бар болчу.