Ошто “Үлгүлүү короо” долбоорунун негизинде көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы оңдолуп, шарттар түзүлө баштады

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда “Үлгүлүү короо” семинары болуп, мэр Таалайбек Сарыбашов жашоочулар менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

"Ош шаарынын мэриясы тарабынан У.Салиева көчөсүндөгү №40-В, №40-Г2 көп кабаттуу үйлөрүнүн короосун оңдоп-түзөө боюнча долбоор ишке ашты. Долбоордун негизинде, аталган көп кабаттуу үйлөрдүн сырты акталып-сырдалып, ички жолдору асфальтталган. Эскирген ирригациялык лотоктор жаңыланып, балдар аянтчалары курулду. Мындан тышкары көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн. Мэр ар бир кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн арасын оңдоп-түзөө иштери уланаарын билдирди", - деп жазылат билдирүүдө.

“Биз атайын үлгү катары көрсөтөлү деп ушул көп кабаттуу үйлөрдүн арасын оңдодук. Каралбай калган эле. Мэриянын демилгесин колдоп, сарпталган каражаттын жарымын көтөргөн жашоочуларга да ыраазычылык билдирем. Бул жерде домком, квартал башчыларын чогултуп семинар өткөргөнүбүздүн себеби башка көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын иретке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Мэрия тарабынан эскирген гараждар, мыйзамсыз курулуштар алынса жаман көрбөгүлө. Биздин максат шаарды шаардай кылып иретке келтирүү. Кайсыл кичи райондо болбосун шаардык мэрия ушундай долбоорлорду жашоочулар менен биргеликте каржылоого даяр. Бул жерге муниципалдык унаа токтоочу жай да курулуп, ижарага берилди. Бул бир үлгү катары мисал. Быйыл күзүндө Салиева көчөсү толук жаңыланып, заманбап болуп өзгөрөт”, - деди шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов.

Мэр “Үлгүлүү короо” долбоорун ишке ашырууга жардам көрсөткөн демөөрчүлөргө жана жергиликтүү тургундарга Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Айта кетсек, көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын актап-сырдоо ишерине кеткен акча каражаттын 50 пайызын үйдүн жашоочулары берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kkkk3259780
2021-06-26 05:26:05
Жайылтуу керек демилгени Кыргызстан боюнча.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан