UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына көпчүлүктү суктандырган дагы бир сүрөтүн жарыялады.
"Пауэлл көлү. Июнь айы, 2021-жыл", - деп жазды сүрөттүн алдына Шевченко.
Валентина Шевченконун бул сүрөтү эки сааттын ичинде эле 30 миңге чукул "жакты" белгисин алды.
25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 261 турниринде Валентина Шевченко бразилиялык Жессика Андраденин үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жетип, чемпиондук наамын бешинчи ирет коргоп калган.