Германиянын Вюрцбург шаарынын борборунда бычак көтөргөн адам көчөдө өтүп бара жаткан жарандарга кол салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Андагы маалыматта, бычак менен кол салуудан үч адам каза болуп, алты адам оор жаракат алган. Азырынча бул маалыматтын расмий ырастоосу жок экендиги белгиленди. Өз кезегинде Бавария полициясы расмий сайтында кол салган адамды полиция кызматкерлери кармаганын жарыялаган.
Учурда окуя болгон жерде шаардын өзгөчө кырдаалдар кызматы иштеп жатат. Окуянын чоо-жайы жана бардык жагдайлар такталууда.