Бүгүн, 26-июнда Кыргыз мусулмандарынын курултайында жаңы муфтий шайланат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна 9 талапкер ат салышууда.
Эскерте кетсек, өлкөдө муфтийди шайлоо мөөнөтү эки жолу жылдырылган.