Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жеңиш айылында 15 жаштагы өспүрүм изделүүдө. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, өспүрүмдүн көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу 25-июнда маалымдалган.
"2006-жылы туулган А.А. аттуу өспүрүмдү издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 8 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, саат 20:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок. Издөө иштери бүгүн, 26-июнь күнү улантылат", - дешти мекемеден.