Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бийик тоолуу чек ара заставасына электр энергиясын өткөрүү боюнча жумуштары аяктады. Аталган жайда 30 жылдан ашуун убакыттан бери күнүмдүк жашоо тиричилик дизелдик электр станциясынан көз каранды болуп келген, ошого байланыштуу электр энергиясы бекитилген убакта гана чектелген көлөмдө берилчү.
"Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон пландан сырткары иш сапарында бул чек ара заставасына барып, тиешелүү мамлекеттик органдарга жыйырма күндүн ичинде чек ара заставасына өнөр-жай электр энергиясын тартып берүү тапшырмасын койгон.
Бүгүнкү күндө трансформатор жана мамыларды орнотуу жумуштары аяктап калды. Жумушчулар подстанциянын ишин жөнгө салуу жана жогорку чыңалуудагы зымдарды тартуу иштерин аткарып жатышат.
Чек ара заставасынын электр энергиясы менен камсыздалышы бир гана мамлекеттик чек ара кайтаруунун жөндөмдүүлүгүн жогорулатпастан, катаал климаттык шартта кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо шарттарын да бир кыйла жакшыртат", - деп билдиришти Мамлекеттик чек ара кызматынан.