Салттуу музыканын алып жүрүүчүсү, дастанчы, ырчы, актриса Гүлнур Асанова үчүн чыгармачылыгы арткы планга жылды. Мурдагыдай тытынбай, бар нерсеге шүгүр кылып жашап калганын айтат ырчы.
Таарынычтардан арылганын, азыр жашоого болгон көз карашы жеңилдегенин кошумчалады. Буга анын илим алганы себеп болгон. Ал эми жеке жашоосу азырынча кулпуланганын, убакыт-сааты келгенде ачык болорун билдирди. Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.