Жаңы муфтий диний билим берүүнү күчөтүүгө болгон аракетин жумшарын билдирди

Бүгүн, 26-июнда Бишкекте Кыргыз мусулмандарынын кезектеги VII курултайында Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандар дин башкармалыгынын азирети муфтийи болуп Замир Ракиев шайланды.

Жаңы муфтий кызматына киришип жатып алдыдагы максаттары тууралуу сөз кылды.

"Биздегидей дин эркиндиги дүйнөнүн бир да мамлекетинде жок. Ушуну эч качан танбашыбыз керек. Дин эркиндиги берилип жаткан соң аны жакшы пайдаланып, келечекте Кудай буюрса, ата-бабабыз куруп келе жаткан ханафий масхабдагы салттуу динибизге жан үрөп, элибизди бир нукка салганга колубуздан келишинче аракеттерди кылабыз.

Андан кийинки негизги маселе диний билим берүүнү күчөтүү. Медреселерибиздин сапаттарын жогорулатуу. Мындан 20 жыл мурун элдин диний түшүнүгү өтө төмөн деңгээлде болсо, азыр ортодон өйдө деңгээлге чыкты. Жогорку деңгээлдерге алып чыгуу үчүн медреселерибизди күчтөндүрүү зарыл.

Динде ушу маселе бар, дин тутунгандан кийин кандай киши дин менен өмүрүнүн аягына чейин бактылуу болуп жашап кетет? Биздин динибиз ынтымакка, тынчтыкка, биримдикке чакырат. Биздин динибизде бөлүнүп-жарылуу болбошу керек. Ошон үчүн ушул нерсени элибиздин катмарына толук сиңирүү негизги максаттарыбыздын бири", - деп билдирди Ракиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан