"Муфтияттагы финансылык маселелер ачык-айкын болсо, көйгөйлөр чечилет" дейт муфтий

Бүгүн, 26-июнда Бишкекте Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандар дин башкармалыгынын азирети муфтийи болуп Замир Ракиев шайланды.

Муфтияттын башчысы дин башкармалыгында орун алган акыркы окуяларга байланыштуу кандай реформалар жүргүзүлө тургандыгы тууралуу суроолорго жооп берди.

"Муфтияттын алып бара турган иши араздашкандарды жараштыруу, ажырашкандарды элдештирүү, адамдардын руханий ички дүйнөсүнө кызмат кылуу. Ошол нуктан чыкпашыбыз керек. Эң негизги нерсе Муфтият болобу, башка тармак болобу бир гана ынтымак болгон жерде жакшылык болот.

Динге кызмат кылып келген диний уюмдар, фонддор бар, ошонун бардыгынын башын бириктирип кадам жасай турган болсок, жакшылыкка барабыз. Андан кийин биздеги негизги финансылык маселелер бар. Ушул иштердин бардыгын ачык-айкын алып барганда гана учурда көйгөйлөрдүн бардыгы чечилет", - деп билдирди муфтий.

Эскерте кетсек, 10-февралда УКМК муфтияттын башкы эсепчиси өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurmat8921
2021-06-26 17:12:19
Ишинизге ийгилик! Аллахым эчкимибизди шерменде кылбасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан